Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:54
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Өзгөндө бүтүрүүчүлөр бара жаткан унаа кырсыктап, 18 жаштагы жигит каза болду

19.06.2020 18:43
995
Өзгөндө бүтүрүүчүлөр бара жаткан унаа кырсыктап, 18 жаштагы жигит каза болду

 

Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүндөгү Мичурин айылында мектеп бүтүрүүчүлөрү бараткан унаалар кырсыкка кабылып, 18 жаштагы жигит каза болду. Бул туралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.


Маалыматка ылайык, жылдын 18-июнь күнү саат 17:00 чамасында Өзгөн — Мырза-Аке жолунун жетинчи чакырымында ВАЗ-2106 жана Honda Fit автоунаалары кырсыкка учурап, 18 жаштагы жигит каза болуп, дагы 5 адам жаракат алган.


Билдирүүгө караганда ВАЗ-2106 автоунаасы күн чыгыш тарапты көздөй баратып, айдоочу рулду башкара албай жолдун сол тарабына чыгып кеткен. Ал эми Өзгөн районунун 17 жаштагы тургуну айдап бара жаткан Honda Fit оң тарабына сүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен ВАЗ-2106 унаасынын айдоочусу жана жүргүнчү катары бараткан 17 жаштагы эки жигит денелеринен жаракат алып, Өзгөн райондук ооруканасына кайрылган. Ал эми 18 жаштагы жигит алган жараатынан улам ооруканада каза болгон. Экинчи унаанын ичиндеги 17 жаштагы эки бала дагы ооруканага түшкөн.


Учурда Өзгөн райондук милициясы тарабынан бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн