Ош облусунун Өзгөн районундагы дарыянын жээгинен аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, 24-декабрда саат 16.05 чамасында Куршаб дарыясынын жээгинен аялдын жансыз денеси табылган. Аялдын болжолдуу жашы 25-30.
Окуя болгон жерге келген куткаруучулар сөөктү суудан алып чыгышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн