Ош облусунун Өзгөн районундагы Ана-Кызыл айылында Toyota Ist үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Жазы дарыясына түшүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши каза болгон. (1965-ж.т. Т.Б. жана 1965-ж.т. М.А.). Жерине Өзгөн райондук №53 өрт куткаруу бөлүгүнүн 3 куткаруучу тартылып, куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургандар тарабынан маркумдардын жансыз денелери унаа чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. Куткаруучулар унааны суудан чыгарып беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн