Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 19:18
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Өзгөндө эвакуацияланган жарандар үчүн чатырлар орнотулду

24.03.2023 11:02
277
Өзгөндө эвакуацияланган жарандар үчүн чатырлар орнотулду



  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бүгүн саат 07:00дөн тартып Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Карл-Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесине 18 чатыр орнотула баштады. 


Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей,  Өзгөн райондук №53 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн 15 куткаруучусу тартылды. Чатырлар кооптуу жерден 2 км 200 метр аралыкта жайгашып, таза суу жана электр энергиясы орнотулду.


Маалым болгондой 2023-жылдын 22-март күнү, саат 05:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу К.Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1млн м3 жер көчкү түшкөн.


Ага ылайык Өзгөн райондук РМАнын башчысы-акимдин буйругунун негизинде Карл Маркс айылына I даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланып, аймакта жайгашкан 18 турак жайда күн кечирип келген 195 тургун жеңил оокатары менен коопсуз аймакка көчүрүлгөн болчу.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн