Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:07
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Өзгөндө интернет аркылуу экстремисттик материалдарды тараткан жаран кармалды

26.05.2023 15:23
323
Өзгөндө интернет аркылуу экстремисттик материалдарды тараткан жаран кармалды



Ош облусунун аймагында экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан «Экстремист» аталыштагы ыкчам иш чара өткөрүлүүдө. 


Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын жүрүшүндө, Ош ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматкерлери тарабынан инстаграмм социалдык тармагында «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун материалдарын таратып жүргөн О.Х. деген колдонуучунун аккаунтун аныкташкан.


 Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусу менен, ал тараткан материалдарда тыюу салынган идеологиянын мазмуну бар экендиги тастыкталган.


Тартууга шектелип, Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган экстремистик топтордун идеологияларынын колдогон, Өзгөн районунун тургуну 21 жаштагы жаран О.Х. аттуу жаран аныкталган.

 Ал социалдык тармакка катталып, анын колдонуп жүргөн уюлдук телефону алынган. Ага карата "экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу" боюнча кылмыш иши козголгон.


Учурда тергөө иштери уланууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн