Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 13:12
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Өзгөндө коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан медайым тергелүүдө

16.03.2020 16:22
679
Өзгөндө коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан медайым тергелүүдө


Ош облусунун Өзгөн районунда райондук ооруканалардын биринде коронавирус менен ооруп жаткандыгы тууралуу маалымат тараткан медайымдын үстүнөн тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка ылайык, оорукананын медайымы М.Н. 2020-жылдын 27-февралында Түштүк Кореядан Өзбекстан аркылуу кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө пунктунан өткөн Россиянын жараны, 1980-жылы туулган А.К. коронавирус менен ооруп жаткандыгы тууралуу жалган айтып, элди дүрбөлөңгө салган.


Аталган факт боюнча иш каттоого алынып, азыркы учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн