Бугу 21, 2024
Убакыт: 00:33
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Өзгөндө мал кайтаруу үчүн кеткен 17 жаштагы баланын денеси табылды

24.05.2022 17:08
742
Өзгөндө мал кайтаруу үчүн кеткен  17 жаштагы баланын денеси табылды

Ошто дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 22-май күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы Коргон айылынын 17 жаштагы Т.К. аттуу тургуну Супа жайлоосунда жайылып жүргөн мал-жандыктарын кароо үчүн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.


24-май түнү саат 01:00 чамасында баланын туугандарынан ӨКМге билдирүү түшкөн.


Бүгүн издөө иштерин жүргүзүү үчүн 5 куткаруучу тартылган.


Куткаруучулар Үнкүр айылына барганда жергиликтүү тургундар жоголгон баланын сөөгү табылгандыгын билдиришкен.


Баланын сөөгү ата-энесине өткөрүп берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн