Бугу 15, 2024
Убакыт: 07:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Өзгөндө окуучулардын ортосунда чыккан мушташтан 16 жаштагы окуучу каза болду

21.12.2022 13:19
493
Өзгөндө окуучулардын ортосунда чыккан мушташтан 16 жаштагы окуучу каза болду

Оштун Өзгөн районундагы №62 кесиптик лицейдин окуучулары мушташа кетип, бири каза болуп калган.


Облустук милициядан билдиришкендей, 20-декабрда саат 21:30дар чамасында Өзгөн райондук милициясына №62 кесиптик лицейдин 16 жаштагы Э.К. аттуу окуучусу каза болгондугу тууралуу маалымат Куршаб аймактык ооруканасынан түшкөн.


Аталган маалымат кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышкан.


"Ошол эле күнү болжол менен саат 20:30дар чамасында Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагында №62 кесиптик лицейдин окуучулары пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Күбөлөрдүн берген көрсөтмөсүндө, 3-курстун студенти, 17 жаштагы А.у.М. 16 жаштагы Э.К.ни муштум менен көкүрөк жагына уруп жиберген. Э.К. эс учун жоготуп, окуя болгон жерде каза болгондугу белгилүү болгон”, - деп айтылат маалыматта.


Маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, анын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Учурда териштирүү иш-чаралары жүрүп жатат.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн