Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 22:07
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Өзгөндө тротуар "уурдаган" жергиликтүү органдар жана депутат Аалы Карашев (видео)

10.06.2021 10:04
1457
Өзгөндө тротуар "уурдаган" жергиликтүү органдар жана депутат Аалы Карашев (видео)

Эркин журналист Ыдырыс Исаков «Өзгөн шаарындагы өз билемдик» аталышындагы кезектеги видеоматериалын жарыялады. Буга чейин ал «Өзгөндүн бардак базары» аттуу материал даярдап коомчулукка тартуулаган. Андан бери эки ай убакыт өтсө да, шаардын, райондун жетекчилиги базардын көчөсүн кадимки шаардын көчөсүнүн нормасына келтирип коюу аракетин жасаган эмес.


Видеодон эки машина эптеп бата турган көчөнүн эки тарабында азык-түлүк, үй тиричилигине колдонулуучу товарларды саткан контейнерлерди же дүкөндөрдү көрөсүз. Көчөнүн так ортосу бетон тосмолору менен тосулган. Анын эки тарабында тең бирден гана машина бата турган жол бар. Тээ союз маалында төшөлгөн асфальт жешилип, ар кайсыл жерлери тешилип калган. Ал эми жөө адамдар баса турган тротуардан таптакыр дайын жок. Ошол тротуарлар салына турган жерлерге контейнерлер, дүкөндөр курулуп калган. Мындан улам ошол эле жыртылып тешилип калган көчөдө автоунаалар да, жөө жүргүнчүлөр да жүрүүгө аргасыз. Журналист Ыдырыс Исаковдун айтымында ошол тротуарларды «минип» алган контейнер, дүкөндөр Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашевдин өзүнө жана туугандарына таандык.


Мындан сырткары Өзгөндө райондук администрация, салык кызматы, райондук милиция, прокуратура кызматтарынын имараттары жайгашкан негизги көчөнүн өзүндө да тротуар жок. Шаардыктардын укугун коргоп, муктаждыктарын чечиши керек болгон негизги мамлекеттик мекемелер өздөрү тротуарларды тосуп алышкан. Салык кызматынын имаратынын кире бериштеги тепкичи дал эле ошол тротуардын үстүнө куюлуп калганын көрүүгө болот. Айрым жерлеринде тротуарлардын орду бар, бирок аны менен басып баратып эле салык кызматына, акимчиликке, милициянын  имаратына, прокуратуранын имаратына келип такалып каласыз. Райондук милициянын имаратынын алдында тротуардын орду турат, бирок аны алар машина токтотуучу жайга айлантып алышкан. Болгондо да машиналар токтой тургандай кылып сызыктарды чийип, өздөрүнүн кызматкерлеринин унааларынан башка унаалар токтоого болбой турганын да жазып коюшкан.


Райондук прокурордун жардамчысы А. Абдуллаевдин айтымында тротуарларды ээлеп алган жагдайлар боюнча прокуратуранын чечими чыккан, эми аны шаар мэриясы карап, анан иш жасоолору керек. Бирок, шаардык мэрия дагы канча убакыт бул маселени карап, ишти бир жаңсыл кылаары белгисиз.


Ал эми райондун акиминин орун басары «Өзгөн шаары тарыхый шаар. Аны көркөүнө чыгаруу, бардык шарттарын түзүү боюнча атайын пландарыбыз бар» дейт. Анан дагы ал шаардын кире беришине Өзгөн шаары экенин билдирип тура турган көзгө көрүнүктүү бир ишти жасайлы деп жатышканын билдирди.


Албетте, бул иш деле жакшы. Бирок, шаардын ичинде шаардыктар үчүн ылайыктуу жөө жүрө турган жолдор жок болсо, базарды бойлой кеткен көчөнүн чаңы сапырылып турса, бир дагы бак отургузулбаса, анан кире беришин кооздоп койгондун кандай пайдасы бар?


Деги эле ушул Өзгөн шаарындагы «уурдалган» тротуарларга ким жооп берет? Аалы Карашевге тиешелүү делген дүкөндөр тротуарларды бошотуп береби? Мына ушуга борбордук бийликтен да тиешелүү деңгээлде көңүл бурулушу керек окшойт.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн