Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Өзгөндө унаа оодарылып кетип, 3 киши мерт кетти

22.06.2020 10:38
999
Өзгөндө унаа оодарылып кетип, 3 киши мерт кетти


Ош облусунун Өзгөн районунда жол кырсыктан 3 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, жол кырсык 21-июнда кырсык Мырзаке–Кара-Шоро унаа жолунун 52-чакырымында болгон. Анын кесептинен «Дэу Тико» үлгүсүндөгү унаа башкаруусун жоготуп, жолдон чыгып оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 3 эркек киши каза болуп, 1 киши жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда). 


Кырсык болгон жерде куткаруучулары барып, каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жабыркаган адамды тез жардам кызматы ооруканага жеткирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн