Бугу 16, 2024
Убакыт: 23:10
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Өзгөндө унаада отурган адамдарды аткылоого алган шектүүнүн бири кармалды

Өзгөндө унаада отурган адамдарды аткылоого алган шектүүнүн бири кармалды

Өзгөн районунда эки адамды атып өлтүрүүгө шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.


Эске салсак, 19-мартка караган түнү Өзгөн райондук ооруканасына ок тийген эки жаран түшүп, экөө тең эсине келбей көз жумган. Милиция алар дагы башка эки киши менен унаада отурганда башка машинадагылар келип аткылап кеткендигин айткан. Окуя боюнча КР Жазык кодексинин 130-беренесине ("Киши өлтүрүү") ылайык сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө иштери башталган.


Кийинчерээк шектүүлөрдүн кылмыш учурунда колдонгон ок атуучу куралы менен автоунаасы табылган.


"Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Ош ОИИБ менен Өзгөн РИИБинин кызматкерлери ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүп, натыйжада эки адамдын өлүмүнө шектүү катары изделип жаткандардын бирин кармады. Колго түшүрүлгөн 24 жаштагы Х. А. Өзгөн районунда туулган. Ал Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн