Бугу 05, 2024
Убакыт: 18:39
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Өзгөндө унаада отурган адамдарга ок чыгарып, өлтүргөн окуя боюнча жаңы жагдайлар ачылды

19.03.2021 16:48
822
Өзгөндө унаада отурган адамдарга ок чыгарып, өлтүргөн окуя боюнча жаңы жагдайлар ачылды

Өзгөндө бүгүн унаада отурган 3 адамды белгисиз адамдар аткылоого алган. Натыйжада эки адам ооруканага жетпей каза болгон, бирөө ооруканада. 


Ош ОИИБдин маалыматына таянсак, тергөө амалдарынын натыйжасында ок чыгарган белгисиз адамдардын унаасы жана куралы табылган. "Хонда фит" унаасы Дөң-Булак айыл аймагында табылган. Анын ичинен түрк компаниясына таандык  KRAL ARMS маркасындагы 12-калибр патрону менен табылган.

Мындан сырткары, каза болгондордун бири Ош ОИИБдин Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмесинде турган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн