Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өзгөндө үйгө муктаж 100 үй-бүлөгө турак-жай курулууда (фото)

29.05.2020 19:33
1315
Өзгөндө үйгө муктаж 100 үй-бүлөгө турак-жай курулууда (фото)


Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева менен депутат Сагындык Келдибаев Өзгөн районунун Куршаб айлында аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө салынып жаткан социалдык турак-жайлардын курулушунан кабар алышты.


ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, курулуш иштери ушул жылы башталган. Бул үчүн Куршаб айылынын аймагынан 2.95 гектар жер бөлүнүп берилген. Учурда үйлөрдүн пайдубалынын курулушу жүрүп жатат. Социалдык үйлөр “Ас-Сафа” коомдук фонду тарабынан каржыланууда.


Жакыр үй-бүлөлөргө социалдык колдоо катары турак-жай менен камсыз кылуу иштерин буга чейин аталган фонд Баткен, Чүй облустарында ишке ашырып келген. Эми минтип Өзгөн районундагы 100 үй-бүлөнү да үй менен камсыз кылып жаткандыгы үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, - деди ал.


Эскерте кетсек, курулуш иштери ушул жылдын күз айларына бүткөрүлүп,пайдаланууга берилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн