Бугу 19, 2024
Убакыт: 11:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өзгөндө жалпы салмагы 20,5 кг болгон баңгизат алынды

22.08.2023 17:09
544
Өзгөндө жалпы салмагы 20,5 кг болгон баңгизат алынды


Кыргызстандын түштүк облустары аркылуу Бишкек шаарына баңгизаттарды жеткирүүнүн туруктуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Өзгөн шаарынын аймагында П.Н.К. аттуу жаран кармалып, анын жанынан өзгөчө жыты бар түссүз скотч менен оролгон 13 целлофан баштык алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 11 кг 391 грамм гашиш жана 326 грамм апийим экени аныкталган.

Андан ары кармалган П.Н.К. Өзгөн районунун Кароол айыл аймагына 9 целлофан пакети менен экинчи спорттук сумкасын таштаган ордун көрсөтүп берген. Текшерүү учурунда ал 8 кг 833 грамм "гашиш” баңгизаты болуп чыккан.

Ошентип, алынган заттардын жалпы салмагы 20 кг 224 грамм "гашиш" жана 326 грамм "апийим" болгон.

Азыркы учурда кармалган жаран Өзгөн районунун ИИБнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн