Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 02:01
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Өзгөндө жергиликтүү тургундарды унаада отурганда атып кетишти. 2 киши каза болду

Өзгөндө жергиликтүү тургундарды унаада отурганда атып кетишти. 2 киши каза болду

Өзгөн шаарында жергиликтүү тургундарга кол салуу болду. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы 19-мартта Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып жазды.


Облустук милициянын маалыматы боюнча, 18-марттан 19-мартка караган түнү саат 03:35 чамасында октон жаракат алган эки адам аймактык ооруканага жеткирилген.


Бул факт боюнча материалдар КЖБРне Кылмыш-жаза кодексинин 9-пунктунун 2-пункту ("Киши өлтүрүү") беренеси менен катталган.


Ыкчам-иликтөө тобу жана РИИБдин жетекчилиги ооруканага барышкан. Ленин көчөсүндө Honda Inspeier автоунаасында үч жаран отургандыгы аныкталды. 31 жаштагы М.Ш., 21 жаштагы К.С. жана 31 жаштагы А.А. отурушкан.  Бул учурда унаага белгисиз адамдар келип, ок чыгарышкан. Үчөөнүн ичинен алдыңкы жүргүнчү отургучунда отурган А.А гана тирүү калган. Калган экөө ооруканага жетпей каза болушкан.


Шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, экспертизалар дайындалды.


Аймактык оорукана бир адам башынан, экинчиси көкүрөгүнөн жаракат алгандыгын билдирди. Алынган жаракаттардан улам жарандар каза болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн