Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 23:45
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Өзгөндө жергиликтүү тургундарга Садыр Жапаров менен жолугушууга уруксат берилген жок

04.10.2022 13:43
361
Өзгөндө жергиликтүү тургундарга Садыр Жапаров менен жолугушууга уруксат берилген жок


Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районуна келип, жергиликтүү эл менен жолугушту. Бул тууралуу жергиликтүү массалык маалымат каражаттары билдирди.


Маалым болгондой, мамлекет башчыны УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев коштоп жүрөт.


“Азаттыктын” маалымдашынча, учурда обладминистрациянын имаратында президенттин Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары менен Кемпир-Абад суу сактагычынын маселеси боюнча жолугушуусу өтүп жатат.


Сыртта жүргөн ондогон жарандар мамлекет башчы менен ачык жолугушууну жана Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча толук маалымат берүүнү талап кылышууда.


Белгилей кетсек, Ташкентте чек аранын бир нече тилкелери, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кол коюлган протоколго Өзгөн шаарынын тургундары бир нече жолу каршы чыгышкан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин жергиликтүү эл менен жолугуп, Өзбекстан менен түзүлгөн келишимди кайра карап чыгууну убада кылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн