Бугу 10, 2024
Убакыт: 05:35
USD
EUR
RUB

Өзгөндө зордукталган 12 жаштагы кызга министрлик колдоо көрсөтөт

28.07.2021 12:38
501
Өзгөндө зордукталган 12 жаштагы кызга министрлик колдоо көрсөтөт

Ош облусунун Өзгөн районунда зордукталганы аныкталган 12 жаштагы кызга психологдун жардамы көрсөтүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Белгилүү болгондой, министрликтин Өзгөн райондор аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан жеринде үй-бүлөлүк турмуш-тиричилик шарты текшерилип, үй-бүлөлүк абалына баа берилген акт түзүлдү.


"Кыздын үй-бүлөсүнүн жашоо шарты орто абалада, ал эми апасы үй кызматкери, атасы Казахстанда сезондук жумушта иштеп, үй-бүлөсүнө акча каражатын жөнөтүп турат. Бул үй-бүлө аз камсыз үй-бүлө катары 3 жашы жете элек балдарына 2430 сомдон ай сайын жөлөк пул алышат. Жабырлануучу кыз билим алган мектеп кызматкерлеринин мүнөздөмөсү боюнча зордукка кабылган М.Р. тартиптүү, алдыңкы окуучулардын бири. Учурда бул кылмыш боюнча тергөө иши жүрүп жатат. Ал эми үй-бүлөнү жана жашы жете элек кызды реабилитациялоо үчүн психологдун жардамы көрсөтүлөт. Жабырлануучу кыздын укуктарын коргоо жана таламдарын камсыз кылуу үчүн тиешелүү иштер жүргүзүүлүдө", - деп жазылат билдирүүдө.



Эске салсак, 23-июль күнү 12 жаштагы кыз аны дааратканада белгисиз жаран зордуктаганын айткан. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында 12 жаштагы кыз зордукталганы аныкталган. Бул факты боюнча 24-июль күнү сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун 39 жаштагы тургуну М.А. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн