Өзгөн шаарындагы борбордук стадион жана Орто–Коргон эс алуу паркы реконструкцияланарын президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Облус башчы Элчибек Жантаев реконструкциялоо долбоору менен танышкан. Өзгөн байыркы шаарлардын катарына киргендигин жана туристтердин көп келери эске алынып, туризмди өнүктүрүү максатында 2 миллион доллар грант АРИС тарабынан бөлүнгөн.
Эс алуу багынын аянты 7,8 гектар, анда төмөнкүлөрдү жасоо пландалууда:
- Кирүүчү дарбаза;
- Фонтан;
- Флагшток;
- Көрүү аянтчасы;
- Суу кампасы;
- Жаш балдар ойноочу аттракциондор;
- Ажаткана:
- Стол оюндары үчүн жай;
- Жайкы театр;
- 400 киловаттык трансформатор.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн