Бугу 13, 2024
Убакыт: 04:14
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Өзгөндүн тургундарын президент менен жолугушууга киргизбей койду деген маалымат чындыкка дал келбейт

04.10.2022 14:32
408
Өзгөндүн тургундарын президент менен жолугушууга киргизбей койду деген маалымат чындыкка дал келбейт


Өзгөндө жергиликтүү тургундарды президент Садыр Жапаров менен жолугушууга “киргизбей койду” деп таратылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт, бүгүн кечке чейин келгендер кирип маалымат алышат, деп билдирди президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.


"Сыртта батпай калган элди, экинчи этап менен киргизип маалымат берип, суроолорго жооп берилет.

Жолугушуудан чыккандардын айрымдары, кайра эле “кирбей калдык” деп социалдык байланыш тармагында түз эфирге чыгып жатканын белгилейбиз.

Эч кандай пикирлерге чектөө болгон жок, депутат Адахан Мадумаров жана анын тарапташтарына чейин сөз берилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, президент менен бирге Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров Өзгөндө эл менен жолугушуп, чек ара боюнча маалымат берип, суроолорго жооп берип жатат. Жолугушуу райондук администрациянын жыйындар залында жабык түрдө өтүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн