Кыргыз Республикасындагы акыркы 30 жылдагы саясий, экономикалык, социалдык окуяларды, ошондой эле, азыркы тапта мамлекет жана анын булагы болгон жарандардын абалын эске алуу менен «Өзгөрүш» («Перемена») коомдук кыймылы түзүлгөнү белгилүү болду. Кыймылдын жетекчиси экс-акыйкатчы Кубат Оторбаев.
Бул кыймылдын негизги максаты Кыргыз Республикасынын күчтүү, өнүккөн, демократиялуу мамлекет болушуна, ошондой эле, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталган. Ошондой эле алдыӊкы, өнүккөн, цивилдүү мамлекет болушун каалаган прогрессивдүү адамдар, жаштар, жана ошондой эле, күчтөрдүн башын бириктирүү болуп саналат.
«Өзгөрүш» («Перемена») коомдук кыймылы – 17-ноябрда коомчулукка сунушталган Конституциянын долбоорунун мындай абалда кабыл алынышына каршы. Анын ушул калыбында кабыл алынышы Кыргыз Республикасынын келечегине балта чабат, андыктан долбоор кескин өзгөрүүлөргө, алымча-кошумчаларга муктаж деп эсептейт.КР Парламенттик-президенттик башкаруу системасы менен гана өнүгүүгө жетише алат деген ишенимде.
Жыйынтыгында жаӊы Конституциянын долбоору эгер ушул калыбында кабыл алынса анда Президент түшпөс Ханга же «Ажырдаарга» айланат деп тынчсызданат. Президент Курултай алдында формалдуу жоопкер, бирок, Курултай дагы аны кызматтан кетире албайт. «Өзгөрүш» («Перемена») коомдук кыймылынын анализинде Конституциянын жаӊы долбоорунун 79-беренесине ылайык (1-пункт) аткаруу бийлигин Президент жана ага баш ийген Өкмөт жүзөгө ашырат, бирок, ошол эле маалда Президент аткаруу бийлигинин курамына кирбей калганын (3-пункт) белгилейт. Бул өз кезегинде эбегейсиз укукка ээ Президент аткаруу бийлиги иштей албай калган учурда Өкмөт башчысын жана министрлерди өзү каалагандай алмаштырып, аларды отставкага кетирип, бирок, өзү жоопкерчиликке тартылбай кала берген акаевдик жана бакиевдик системаны кайра кайтармакчы.
«Өзгөрүш» («Перемена») коомдук кыймылы Конституциянын долбоору ушул калыбында кабыл алынбашы үчүн прогрессивдүү жаштарды, жарандарды жана күчтөрдү баш кошуп, биригүүгө жана бирге аракеттенүүгө чакырат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн