Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Бахтияр Абсатаров Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасын талап кылып, президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетине кайрылды. Бул тууралуу "Кактус.медиа" кабарлады.
Дарыгердин айтымында, Бейшеналиев Саламаттыкты сактоо тармагын реформалабай эле артка кетирүүдө.
"Саламаттыкты сактоо министри чоң каталарга жол берүүдө. Ал коронавируска байланыштуу былтыркы каталарга жол берүүдө.
Министрлик менен дарыгерлердин ортосунда барьер пайда болду. Кайра эле эл менен жөнөкөй дарыгерлер калды.
Дарыгерлер элдин ден соолугун сактап калуу менен убара. Министр эмне кылганын билбейбиз.
Урматтуу Садыр Жапаров, көңүл буруп бизди кабыл алып коюңуз",- деп кайрылган дарыгер.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн