Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:35
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Өзүн "курмандык" катары көрсөткүсү келип жатат. УКМК Фарид Ниязовго жооп берди

19.08.2021 09:00
576
Өзүн "курмандык" катары көрсөткүсү келип жатат. УКМК Фарид Ниязовго жооп берди

КР УКМК Ф.Ниязовдун жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуусуна байланыштуу, өзүн күнөөсүз "курмандык" катары көрсөтүүгө аракет кылып, УКМКнын жана ИИМдин органдарын айыптоосуна карата төмөнкүлөрдү билдирүүнү зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


Ф.Ниязов бир катар кылмыштарды жасаган деп айыпталган адам катары абакта жатып, ЖМК аркылуу дайыма маалыматтык четтөөлөрдү жасап келет. Бул жолу да ал өзүнө "абийир туткуну" менен "саясий туткундун" көрүнүшүн берүү аракетин жасоодо.


Коомчулукка белгилүү болгондой, тергөө органдары Ф.Ниязовго бийликте турган мезгилде мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына зыян келтирген мыйзамсыз аракеттери үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин бир нече беренелери боюнча айып таккан.


Учурда жалпы коомчулукка белгилүү болгон сот тарабынан каралып жаткан кылмыш иштеринен тышкары, Ф.Ниязов негизги айыпталуучулардын бири болгон - ИИМдин тергөө органдары чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын жарандык паспортторун мыйзамсыз берүүгө катыштыгы боюнча кылмыш ишин териштирип жатышат. Иш аяктоо стадиясында, сотко кароого өткөрүп берүү алдында турат. Анын жыйынтыгы боюнча Ф.Ниязовдун аракетине тиешелүү юридикалык баа берилет.


Буга байланыштуу, КР УКМК Ф.Ниязовго негизсиз айыптоолордун ордуна, анын негизинде кылмыш жоопкерчилигинин объектиси болуп калган мурдагы криминалдык ишмердүүлүгүн талдоого жана жеке көйгөйлөрүнүн башаты - анын аракеттерине мыйзам адилеттүүгү жетпестигине болгон ишеними экенин моюнга алуусун кеңеш берет.

Анын бүгүнкү абалына өзүнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгү, болгондо да кылмыш жоопкерчилиги каралган бир катар эпизоддордогу аракеттери негиз болууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн