Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өзүн жакшы сезген 35 жаран обсервациядан үйлөрүнө чыгарылды

26.03.2020 09:58
723
Өзүн жакшы сезген 35 жаран обсервациядан үйлөрүнө чыгарылды


Өзүн жакшы сезген 35 жаран ооруканадан үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүн, 26-мартта маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, обсервация жана үй карантинден ооруканаларга которулган 122 адамдын абалы канааттандырарлык, оор абалда азыр 6 жаран бар. Орточо оор абалда 10 адам жатат.

Бул адамдарда коронавирус жок, болгону курч дем вирустук оору (грипп) менен жаткандар болчу. Бул 122 адамдан коронавирус тастыкталган эмес. Бүгүнкү күндө алардын 35и үйлөрүнө чыгарылды", -. деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн