Бугу 20, 2024
Убакыт: 04:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өзүңдү өлбөсмүн деп ойлобо. Бүгүн сенин бутуңдун астында өсүп жаткан чөп эртең сенин мүрзөңдө өсөт

05.07.2023 12:40
280
Өзүңдү өлбөсмүн деп ойлобо. Бүгүн сенин бутуңдун астында өсүп жаткан чөп эртең сенин мүрзөңдө өсөт


- Өлбөстүк деген нерсени жакындарынан айрылып, кайгыргандар ойлоп табышкан.

(Гюстав Флобер)


- Өлбөстүк алгачкы жүз жылда гана сүйүндүрөт.

(Ольга В.Арефьева)


- Эгер учкуч өлбөстүккө ишенсе, жүргүнчүлөрдүн өмүрү коркунуч астында калат.

(Гильберт К.Честертон)


- Жашоо – биздин өлбөстүгүбүздүн балалык чагы.

(Вольфганг Гете)


- Жакшылык гана өлбөйт.

(Шота Руставели)


- Каакымдын өлбөстүгү – анын өлүмүндө.

(Эмил Кроткий)


- Шерлок Холмс – эч качан жашабаган, бирок эч качан өлбөй турган киши.

(Орсон Уэллс)


- Жирафтын мойнунда бүргө өзүн өлбөс экем деп ойлой баштайт.

(Станислав Ежи Лец)


- Өлбөс кишилер өздөрүнүн өлбөс экенин билишкен эмес.

(Силован Рамишвили)


- Гений – жөнөкөй адамдын өлбөс варианты.

(Сергей Довлатов)


- Өлбөс кишилер өлүк болуп туулушат.

(Рамон Гомес де ла Серна)


- Өлбөстүк кандай коркунучтуу нерсе экенин алтын тоюңду белгилеп жатканда түшүнөсүң. 

(Акрам Муртазаев)


- Коркоктук ушул кезге чейин эч кимди өлбөс кыла элек.

(Гай Саллюстий Крисп)


- Ар бир Кощей өзүн өлбөсмүн деп ойлойт.

(Георгий Милляр)


- Өлүм – өлбөстүктүн башталышы.

(Максимилиан Робеспьер)


- Биз баарыбыз өлбөспүз, бирок адегенде өлүшүбүз керек.

(Мирча Элиаде)


- Кудай бар же жок экенин билбейм, бирок болушун каалайт элем. Ал бар болсо, мен өлбөсмүн.

(Гарегин Нжде)


- Өлбөстүккө тирүү кездеги эмгегиң менен жетишесиң.

(Силован Рамишвили)


- Эгер өлбөстүк өлүмдөн баштала турган болсо, ага шашылуунун кереги барбы?

(Леонид Зорин)


- Өлбөстүк үчүн бир эле чыгарма жазып койсоң жетиштүү.

(Силован Рамишвили)


- Быштак – бул сүттүн өлбөстүккө жасаган секириги.

(Клифтон Фадиман)


- Өлбөстүк – түбөлүк жарык.

(Андрей Владимирович Лаврухин)


- Өлө электе өлүш керек, ошондо гана өлбөстүккө жетишесиң.

(Исмаил I)

- Өлбөстүк – бул өмүрдүн соңундагы көп чекит.

(Валентина Николаевна Беднова)


- Өлбөстүк өзгөчө адамдардын привилегиясы сыяктуу.

(Николай Фёдорович Фёдоров)


- Жөнөкөй кишилер үчүн өлүм акыркы аялдама, ал эми генийлер үчүн бул өлбөстүк жолундагы кыска тыныгуу.

(Принцалександр)


- Адам тирүү турганда өлбөстүккө мүмкүнчүлүгү бар.

(Вадим Синявский)


- Ким өлбөс болгусу келсе, татыктуу, таза жашашы керек.

(Антисфен)


- Өлбөстүккө ишенмейинче өлүмдү жеңүү кыйын.

(Сергей Малешин)


- Жашоонун өзү өлбөстүктүн механизми.

(Овсеп Петросян)


- Адам көз жумуп, бирок унутулбаса – ал өлбөс.

(Лао Цзы)


- Өзүңдү өлбөсмүн деп ойлобо. Бүгүн сенин бутуңдун астында өсүп жаткан чөп эртең сенин мүрзөңдө өсөт.

(Ибн Сина)


Мамат Сабыров 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн