Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:51
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өзүнүн 14 жаштагы баласын өлтүрүүгө шектүү аял кармалды

02.03.2021 18:03
873
Өзүнүн 14 жаштагы баласын өлтүрүүгө шектүү аял кармалды

Жайыл районунда өзүнүн 14 жашар баласын өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылаййык, кечээ, 1-мартта саат 20.25 чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн тез жардам кызматкерлери тарабынан Ново-Николаевка айылындагы үйлөрдүн биринен 14 жаштагы Т.А. аттуу баланын сөөгү табылгандыгы, ал киши колдуу болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн.


Жайыл РИИБнин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге жөнөтүлүп, ал жерге келгенден кийин аталган факт тастыкталып, алдын ала маалыматтар боюнча, жашы жете элек баланын мойнуна бычак сайылып, ал ошол жерден көз жумганы белгилүү болгон.


Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат, керектүү экспертизалар дайындалды.


Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана Жайыл районунун ИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп, өлтүрүлгөн баланын энеси кармалган, ал 36 жаштагы Т.В. аттуу жаран болуп чыкты. Азыркы учурда райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, тергөө органдарына өткөрүлүп берилди. Окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат.


Сотко чейинки тергөө иштери уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн