Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:47
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Өзүнүн жарандык никесиндеги аялын өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Өзүнүн жарандык никесиндеги аялын өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Чүй районунда жарандык никедеги аялын өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 30-июнунда Чүй райондук милициясынын нөөмөт бөлүгүнө Чүй районундагы жайлоолордун биринде бир аял ок атуучу курал менен атылып, өз өмүрүн кыйгандыгы тууралу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде Чүй районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышкан.


Милиция кызматкерлери тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, анын денесиндеги жаракаттары аныкталып, ал 1976-жылы туулган У.Н. аттуу жаран экендигин такталган.


Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.


Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин алкагында жогорудагы кылмышка шектелип, каза болгон аялдын жарандык никедеги жолдошу 1976-жылы туулган Т.О. кармалган.


Алдын ала маалыматтар боюнча, алар жайлоодо малчы болуп иштеп жүргөнү аныкталып, окуя мас абаланда жубайлардын ортосунда чыккан пикир келишпестиктен улам болгону маалым болгон.


Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалаган.


Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн