Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 15:48
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

100 миңден ашык канаттуу кырылды: Казакстандын эки айылына карантин киргизилди

26.09.2020 12:32
1182
100 миңден ашык канаттуу кырылды: Казакстандын эки айылына карантин киргизилди


Казакстандын түндүгүндө куш тумоосу күч алгандыгына байланыштуу эки айылга карантин киргизилди, деп жазат Tengrinews.kz.

 

Маалыматка караганда, Караганды облусуна караштуу Изенди жана Тассуат айылдарында куш тумоосу аныкталып, массалык түрдө үй канаттуулары кырылып баштаган.

 

Расмий маалымат боюнча ушул тапта Казакстандын түндүгүндө 108 миң куш өлдү. Алардан жогорку патогендуу H5 вирусу табылган. Калган канаттууларды сактап калуу үчүн жапырт эмдөө жүрүүдө. Казак бийлиги 75 000 вакцина коротулганын, 11 айылда дезинфекциялык барьерлер орнотулганын билдирди.

 

Буга чейин Казакстандын беш облусунда куш тумоосукатталганы маалымдалган. Казакстандын түндүк облустарында тактап айтканда Акмоло, Костанай, Павлодар жана Карагандыда масалык түрдө үй канаттуулары кырылууда. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн