Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 01:55
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Куш тумоо каптаган Казакстандын беш облусунда үй канаттуулары кырылууда

22.09.2020 15:20
1918
Куш тумоо каптаган Казакстандын беш облусунда үй канаттуулары кырылууда


Казакстандын беш облусунда куш тумоосу катталды. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Гүлмира Исаева билдиргенин Tengrinews.kz басылмасы жазды. 


Гүлмира Исаеванын айтымында, Казакстандын түндүк облустарында тактап айтканда Акмоло, Костанай, Павлодар жана Карагандыда масалык түрдө үй канаттуулары кырылууда. 


«Ушул тапта беш облуска караштуу 26 райондо жана 47 айылда канаттуулардын кырылып жатканы аныкталды. Жеке үй-жайларда 12 926 канаттуу өлгөн. Түндүк Казакстан облусунда 41 миңден ашык куш кырылган», - деди Гүлмира Исаева.


Маалым болгондой, 26-августта Казакстан Орусиянын Омск облусунда куш тумоосу катталгандыктан, ал жактан канаттуулардын этин алып келүүгө тыюу салган. Казак бийлиги үй канаттуулары кырылган фермерлерге компенсация төлөнөрүн билдирген.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн