Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 13:06
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

13 жашар кыздын дааратканада зордукталуусу боюнча Жогорку Сот билдирүү таркатты

04.06.2020 17:42
1510
13 жашар кыздын дааратканада зордукталуусу боюнча Жогорку Сот билдирүү таркатты


Жогорку Сот "Бишкек Парк" соода борборунун дааратканасында 13 жаштагы кызды зордуктаган окуя тууралуу билдирүү таркатты.


Бүгүн, 4-июнда  депутат Айсулуу Мамашова парламенттин жыйынында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу "Бишкек Парк" соода борборунун дааратканасында 13 жаштагы кызды зордуктаган жигитти актаганын билдирген.


Жогорку Соттун билдирүсүнө карганда, аталган факт боюнча тергөө кызматкерлери тарабынан шектүүнү үй камагына алуу каралган. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгынын документтери сотко өткөрүлүп берилген. Анын жыйынтыгы менен шектүүнүн аракетинен кылмыштын белгилери табылбаганына байланыштуу Биринчи Май райондук соту тарабынан Б.Ш. акталган. Ал эми Бишкек шаардык соту чечимди өзгөртүүсүз күчүндө калтырган. Учурда Бишкек шаардык прокуратурасынын көрсөтмөсү менен аталган жазык иши Жогорку Сотто каралуу алдында турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн