Эртең, 14-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19,
Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17,
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11,
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 4…9,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -17…-22, күндүз -3…+2 градус,
Бишкек шаарында түнкүсүн 2…4, күндүз 16…18 градус болот. Жаан-чачын жаабайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн