Тогуздун айы 22, 2025
Убакыт: 15:38
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.060
1.105

Шайлоо - 2025: Талапкерлердин саны 407ге жетти

Шайлоо - 2025: Талапкерлердин саны 407ге жетти


21-октябрга карата 407 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшырды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.


Боршайкомдон белгилешкендей, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт.


Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.


Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген. 30-октябрга чейин шайлоочулар тизмеден өзүн такташы керек болот.


Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн