Бугу 20, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

15 балалуу бактылуу үй-бүлө (видео)

09.06.2021 10:32
1662
15 балалуу бактылуу үй-бүлө (видео)

Советтер союзунун доорунда 10дон ашык балалуу болгондор кадыресе көрүнүш болор эле. «Балалуу үй базар демекчи» көптөгөн үй-бүлөлөрдө кичинекей балдардын чуру-чуу түшүп ойногондору көз кубантып турчу. СССР оодарылып, Кыргызстан өз алдынча көз карандысыз өлкө болуп, ошону менен катар эле рынок экономикасы баш баккандан тарта башк кошкон жубайлар ашып кетсе 3-4 балалуу болуу менен чектелип калышты. Ырас, 7-8 балалуу болгондор да бар. Бирок, андайлар да саналуу гана.


Ал эми биз сөз кыла турган бактылуу жубайлар 15 баланын ата-энеси. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Мөл-Булак айылынын жашоочулары Нурмат Асаналиев жана Назира Асаналиева 15 баланы тарбиялап өстүрүп, алдын турмуш жолуна узатып, өз алдыларынча үй-бүлө кылууга жетишкен. Тактап айтсак, төрт кызы турмушка чыгып, таята-таяне болуп калышты. Ал эми андан кийинкилери мектеп курагында болсо, эң кичүүсү 2 айлык наристе.


Бул бактылуу үй-бүлөнүн таржымалы тууралуу «Super.TV» каналынын кабарчысы барып кызыктуу сюжет даярдап келген экен. Бактылуу жубайлардын 11 кызы, 4 уулу бар. Ошондой эле 6 небереге таята-таяне болуп калышкан. 24 жашында үйлөнгөн Нурмат Асаналиев быйыл туура 50 жашта. Ал эми Назира Асаналиева быйыл 46 жаштагы курагы.


Карапайым турмушта күн кечирген көп балалуу Нурмат ага түрдүү жумуштарды жасайт. Курулуш иштеринде да иштейт. Короосундагы 10 соток жерге картошка айдайт. Андан сырткары чакан мал чарбачылыгы менен алектенет. Бирок, көп балалуу үй-бүлө үчүн баары бир каржылык жактан жетишпестиктер болуп турат. Мисалы, Нурмат аганын айтымында алар окуучу балдары үчүн мектептин фондуна акча чогултуу болгондо бере албай калышат. Өткөн жылы да бере алышкан эмес, быйыл да берише элек. «Эгер жетип турса берет элек, чындыгында ашпай калып жатат», - дейт ал.


Ал өзүнүн жашоо-шарты тууралуу даттанбаса да, албетте жетишпестиктери бар экени тууралуу мындайча кошумчалайт:

«Азыркы учурда жан багыш оор эле болуп калды. Бир баланы, эки баланы, үч баланы төрөп-өстүрүп, мектепке алып барып окутуш, жашоо-турмушка даярдаш деле өтө оор болгон учур. Бир нерсеге жеткенден кийин, дагы алдыга койгон максаттар болот да. Бирок, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей, мына 15 жылдан бери турак жайыбызды дагы деле салып бүтө элекпиз. Үч бөлмөбүз бар, быйыл дагы эки бөлмөнү бүтүрдүк. Максат  ушул бир жылда бир бөлмөдөн бүтүрүп турсак деген. Себеби ар бир баланын өзүнүн бөлмөсү болсо, ошол жерде өзүнүн телевизору, компьютери болсо деген ой да», - дейт Нурмат Асаналиев.


Өткөн жылкы пандемиядан улам мектептердеги окуулар онлайн тартибине өтүп, окуучулар үчүн сенсордук телефон талап кылынып калганын, бирок мүмкүнчүлүктүн жоктугунан ар бир баласына алып бере албай калганын айтат. Эгерде алардын үй-бүлөсүнө кошумча жер берилсе, ага буудай, арпа айдап, унду да сатып албай калат элек деген оюн да кошумчалайт.

Албетте, 15 баланы тарбиялап-өстүрүү, аларды эч нерседен кем кылбай багуу өтө оор. Бирок, Нурмат Асаналиев кара жанын карч уруп, балдарынын курсагын ачырбай, башка бирөөнүн көзүн карабай тургандай кылып багып келет. Ошентсе да тиешелүү мамлекеттик мекемелер бул көп балалуу үй-бүлөөгө колдоо көрсөтүп коюшар деген ишенимдебиз.


Сагынбек  Сатыкеев




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн