Тогуздун айы 20, 2025
Убакыт: 17:46
USD
87.30
87.80
EUR
101.50
102.50
RUB
1.065
1.110

Пакистан менен Афганистан куралдуу кагылышууну токтотууну макулдашты

20.10.2025 14:30
16
Пакистан менен Афганистан куралдуу кагылышууну токтотууну макулдашты


Пакистан менен Афганистан Катардын Доха шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында куралдуу кагылышууну токтотууну макулдашты. Бул тууралуу Катар ТИМине таянып, Интерфакс билдирди.


Маалыматка караганда, тараптар тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөө үчүн атайын механизмдерди түзүүгө да макул болушкан.


Өткөн жумада Афганистан пакистандык аскердик постторго чабуул коюп, 58 пакистандык аскерин өлтүргөнүн билдирген. Алардын айтымында, бул — Пакистандын Афганистандын аймагын жана аба мейкиндигин буга чейин бир нече жолу бузганына жооп болгон.


Пакистан тарап бул маалыматты жарым-жартылай четке кагып, 23 аскеринин каза болгонун, бирок өздөрү 200гө жакын “талибдерди жана ага байланышы бар террорчуларды” жок кылганын айткан. Ошондой эле Пакистан авиациясы Кабул жана Кандагар шаарларына аба соккуларын жасаганы кабарланган.


15-октябрда эки өлкө 48 сааттык убактылуу ок атышууну токтотууга макулдашкан. Анын мөөнөтү жума күнү кечинде бүтүп, бирок Дохадагы сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн убактылуу токтотуу узартылган.


Пакистан буга чейин да Афганистан аймагына аба соккуларын жасап келген. Расмий Исламабад муну “Техрик-е-Талибан Пакистан” (ТТП) жана “Белуджистан боштондук армиясы” сыяктуу куралдуу топтордун базаларына каршы операция деп түшүндүрөт. Кабул болсо бул айыптоолорду четке кагып, өз аймагын башка өлкөлөргө каршы колдонууга жол бербей турганын билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн