Бишкекте 17 жаштагы Адина Асаналиева дайынсыз болуп жакындары жана милиция кызматкерлери тарабынан изделип жаткан. Ленин РИИБдин маалымат кызматынан изделип жаткан өспүрүм аман-эсен табылганын кабарлашты.
Маалым болгондой, 18-майда саат 23:00дө Адина Асаналиева борбор калаадан табылды. Ага профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, учурда бардык жагдайлар такталып жатканын билдиришти мекемеден.
Эске салсак, Адина Асаналиева 16-майда саат 20:30 чамасында Арча-Бешиктеги үйүнөн чыгып кетип, ошол бойдон жүргөн жери белгисиз болуп жаткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн