Теке 27, 2024
Убакыт: 10:05
USD
EUR
RUB

16-сентябрда Кыргызстанда масштабдуу ишембилик өтөт

14.09.2023 17:34
323
16-сентябрда Кыргызстанда масштабдуу ишембилик өтөт


Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлиги министрлер кабинетинин жетекчилиги астында 16-сентябрда Улуттук тазалык күнүнө арналган масштабдуу экологиялык акция өткөрөт.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чара президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 6-сентябрында кол койгон “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулууда.

“Акцияга бардык жарандарды кошулуп, кɵчɵлɵрдү, айылдарды, район, облус жана бүтүндɵй мамлекеттин аймагын биргеликте тазалоого чакырабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара 2022-жылдын 8-октябрында алгачкы жолу ɵткɵрүлүп, 600 тоннадан ашык таштанды чогултулуп, ага 133 508 жаран катышкан.

Бардык таштандылар сорттолуп кайра-иштетүүчү ишканалар тарабынан алынып чыгарылган. Бул жолку акция дагы жогорудагы алгоритм менен ɵткɵрүлɵт.

Иш-чаранын башкы максаты - таштандыларды бɵлүп чогултуу маданиятын коомчулукка киргизүү, экологиялык маданиятты арттыруу болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн