Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

16-январда кармалган он бир журналист СИЗО-1ге которулду

29.01.2024 17:26
263
16-январда кармалган он бир журналист СИЗО-1ге которулду


16-январда кармалган журналисттер Жаза аткаруу кызматына караштуу №1 тергөө абагына (СИЗО-1) бүгүн, 29-январда которулду. Бул тууралуу жактоочулардын бири Нурсултан Жаныбеков "Азаттыкка" билдирген. Маалыматты Жаза аткаруу кызматы дагы ырастады.


Буга чейин Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Ички иштер министрлигине кайрылып, 13 күндөн бери милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган 11 журналистти тергөө абагына которуу маселесин тезинен чечүүгө чакырган.


Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аларды 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Соттун бул чечимине каршы адвокаттардын аппеляциялык арызы Бишкек шаарында 1-февралдан тарат карала баштайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн