Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 11:46
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

17 кыргыз жараны Түркиянын Газиантеп шаарынан Астанага эвакуацияланды

09.02.2023 08:19
210
17 кыргыз жараны Түркиянын Газиантеп шаарынан Астанага эвакуацияланды

Түркиянын Газиантеп шаарынан мекенине кайтып келүү каалоосун билдирген 17 кыргызстандык Казакстандын атайын борту менен Астанага эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маселени чечүүдө КР Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги, Стамбул жана Анталия шаарларындагы башкы консулдуктары менен бигеликте иш алып барды.

Ведомстводон белгилешкендей, Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги эвакуацияланган жарандардын Астанадан Кыргызстанга кайтып келишине көмөк көрсөтөт.

Мындан тышкары, Кыргызстандын 20 жараны Газиантеп жана Кахраманмараш шаарларынан Анталия жана Стамбул шаарларына эвакуацияланды.

Ошондой эле Кыргызстандын дипөкүлчүлүктөрү тарабынан 10 кыргыз жараны Түркиянын Хатай шаарынан коопсуз райондорго чыгарылды.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Учурда Түркиядагы табият кырсыгынан каза болгондордун саны 7 миң 108, ал эми жабыркагандардын саны 40 миң 910 адамга жеткени кабарланды.

КР ТИМден белгилешкендей, Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн