Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:24
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

17-сентябрдан тарта Кыргызстандан көмүр экспорттоого тыюу салынат

13.10.2022 16:17
328
17-сентябрдан тарта Кыргызстандан көмүр экспорттоого тыюу салынат

Кыргызстанда 17-октябрдан баштап көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салынат . Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.


Анын айтымында, өлкөдө көмүргө болгон суроо-талап көп болгондуктан тыюу салуу пландалууда.


“Бүгүнкү күндө Кара-Кеченин көмүрүн каптарга салып, 20 тонналык фуралар менен чет жакка чыгып жатат. Алсак, ушул жылдын январь-сентябрында 178 миң 264 тонна көмүр экспортко кеткен. Бирок өлкөдө көмүр таңкыстыгы жок. Ата мекендик жана импорттук көмүрдү жеткирүү өз убагында аткарылууда”, - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн