Жетинин айы 05, 2025
Убакыт: 17:53
USD
87.30
87.80
EUR
100.10
101.10
RUB
1.075
1.105

УКМК: Калкты тейлөө борборунда мыйзамсыз каражат алуу схемасы аныкталды

05.11.2025 15:43
17
УКМК: Калкты тейлөө борборунда мыйзамсыз каражат алуу схемасы аныкталды


"Кызмат" мамлекеттик мекемесинин Калкты тейлөө борборунда мыйзамсыз каражат алуу схемасы аныкталып, мекеменин кызматкери жана эки ортомчу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Маалыматта белгиленгендей, тергөө учурунда Биринчи май калкты тейлөө борборунун кызматкери Ж.Э.Ж. ортомчулар Д.Э.М. жана Д.К.Э. менен алдын ала сүйлөшүп, мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн Калкты тейлөө борборуна кайрылган жарандардан, анын ичинде чет элдиктерден мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу системасын уюштурганы аныкталган.


Ортомчулар кардарларды таап, аларга документ иштерин тездетүүгө жардам сунушташкан жана кезек күтпөстөн кызматтарды мүмкүн болушунча тезирээк алууга кепилдик беришкен. 

Кызматтардын мүнөзүнө жараша талап кылышкан 100 доллардан 10 миң долларга чейинки акчалай сыйлыкты өз ара бөлүштүрүшкөн.


Кармалган үч жаран тергөө камак жайына киргизилген. УКМК учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды, ошондой эле ушул сыяктуу мыйзамсыз схемалардын уюштуруучуларын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатканын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн