Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 19:00
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

№18 Ала-Бука шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Азизбек Турсунбаевдин кайрылуусу

25.11.2021 13:38
2152
№18 Ала-Бука шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Азизбек Турсунбаевдин кайрылуусу


№18 Ала-Бука шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевич жалпы Ала-Бука, Чаткал райондорунун тургундарына кайрылуу жасады. 


Урматтуу мекендештер!


Кадырлуу Ала-Бука жана Чаткал районунун тургундары!

 

2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өтөт. Бул шайлоодо мен Турсунбаев Азизбек Атакозуевич №18 Ала-Бука шайлоо округунан депутаттыкка талапкер катары баратам.


Ар кандай шайлоо мамлекетибиздин жана анда жашаган элибиздин келечеги, бакубат жашоосу, өлкөбүздүн коопсуздугу жана өнүгүп-өсүүсү үчүн өтө маанилүү. Бул жолку шайлоо мурдагылардан дагы маанилүү десек жаңылышпайбыз. Себеби, добуштарды сатып алуу жана сатуу, административдик ресурстарды колдонуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттер менен коштолгон шайлоонун натыйжасы эмнеге алып келерин көрдүк. Эми андай аракеттер кан буугандай токтошу кажет. Кыргызстандын жаркын келечеги, стабилдүүлүгү жана мамлекеттүүлүгүбүздүн бекем болушу үчүн ар бирибиз шайлоого активдүү катышып, өз кызыкчылыгын көздөгөндөргө эмес, эл кызыкчылыгы үчүн иштеп бере тургандарга добуш берели.


Буга чейин Кудайдын буйругу жана шайлоочуларымдын бекем ишениминин натыйжасында Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты болдум. Эл өкүлү катары эл ичиндеги бир топ көйгөйлүү маселелердин чечилишине салым коштум. Ушул мезгил аралыгында жасаган иштеримди Ала-Бука, Чаткал райондорунун тургундары абдан жакшы билет.


Мен өзүмдүн топтогон турмуштук, ишбилгилик тажрыйбамды дагы да эл кызматына арнасам дейм. Бүгүнкү күндө шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнүн алкагында Ала-Бука, Чаткал райондорундагы шайлоочулар менен жолугушууларды уюштуруп, өзүмдүн программамды тааныштырып жүрөм. Программамда бүгүнкү күндүн өзөктүү маселелери камтылган.


Биринчи кезекте – жаңы жумушчу орундарын түзүү. Баарыбызга белгилүү, жумушсуздуктун айынан мекендештерибиз Россия, Казакстан, АКШ жана Европа мамлекеттеринде мигрант болуп жүрөт. Демек, калктын миграциялануусун кыскартуу үчүн тышкы жана ички инвесторлордун жардамы менен айыл чарба продукциясын кайра иштетип чыгаруучу кичи заводдорду, тигүү фабрикаларын жана башка өндүрүштүк ишканаларды куруу зарылчылыгы бар. Бул менин алдыга койгон негизги максаттарымдын бири.


Аймактын экономикасын көтөрүүдө, элдин бакубат жашоосун камсыздоодо тоо-кен байлыктарын туура пайдалануу өзгөчө мааниге ээ. Тоо-кен тармагында иштеп жаткан ишканалар жумуш орундарын түзүүдө жергиликтүү тургундар үчүн артыкчылыктуу мамиле жасап, жеринде инфраструктура маселелерин чечүүгө жана жергиликтүү элге социалдык колдоолорду көрсөтүүгө аракет кылуулары керек.


Аймагыбыздын калкынын бакубат жашоосун камсыздоо тармагы катары экотуризмге көңүл бөлүү – замандын талабы. Тарыхый жана көрктүү жайларга ички жана чет өлкөлүк туристтердин агымын көбөйтүү үчүн ырааттуу маалыматтык кампания жүргүзүү, ал максатта интернет, радио, телевидение, массалык маалымат каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңири колдонуу керек. Конокторду тейлөө үчүн мейманканаларды, коомдук тамактануу жайларын ачуу, гид-экскурсоводдорду даярдоо зарыл. Бул тилегибиз ишке ашса, жүздөгөн жаңы жумуш орундары түзүлүп, жергиликтүү бюджетибизге кошумча салыктардын түшөрү анык.


Калктын саламаттыгына камкордук көрүү башкы маселелердин бири. Жердештерибиз Ош, Бишкек эле эмес, башка мамлекеттерге чейин барып, дарыланып келүүгө аргасыз болуп жатышат. Ошондуктан ооруканаларыбызды жана бейтапканаларыбызды заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздоого көмөктөшүүбүз абзел.


Билим берүү тармагына да олуттуу көңүл бөлүүчү убакыт бышып жетилди. Бул үчүн алыскы айылдардагы мектептердин да материалдык-техникалык базасын чыңдоо, аларды жаңы китептер жана заманбап окуу куралдары менен камсыздоо маанилүү.


Мен буга чейин да Ала-Бука, Чаткал райондорунун көйгөйлүү маселелерин чечүү багытында бир катар иштердин аткарылышына салым кошуп келдим. Мындан ары да бул багыттагы аракеттеримди уланта берем. Мен ар дайым сиздер менен тыгыз кызматташып, ар дайым араңарда болом.


Сиздердин ишенимди эч качан жерде калтырбайм. Андыктан, 28-ноябрда өз добушуңуздарды мага, Азизбек Атакозуевич Турсунбаевге бериңиздер!

 

Терең урматым менен,

Турсунбаев Азизбек Атакозуевич.


***КР №18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сарымсаков Ахматбек тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 81 01.10.2021-ж.).

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мен колдойбун и аккурган эли дагы
Мен колдойбун и Ак-курган айыл окмоту дагы колдойт