Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:00
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

18 жаштагы кызды ала качкандар кармалды

21.10.2021 16:51
762
18 жаштагы кызды ала качкандар кармалды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда кыз ала качууга шектелип, төрт бала кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.


Ушул жылдын 19-октябрь күнү болжол менен саат 11:28 чамаларында Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, Киргшелк айылынан 2003-жылы туулган кызды белгисиз бирөөлөр ала качып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо Ысык-Ата РИИБинин ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.


Ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кыз Токмок шаарындагы үйлөрдүн бирине алып баргандары такталып, кыз ала качууга шектелип, 1998-жылы туулган С.А., 1991-жылы туулган Т.М., 1999-жылы туулган Т.К. жана С.М. аттуу балдар кармалышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча үстүбүздөгү жылдын 17-октябрь күнү жогорудагы кыз курбу кызынын үлпөт тоюнда ала качкан балдардын бири менен таанышып калган. Кийин бала кыздын макулдугу жок эле ала качып кеткени маалым болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кыз ата-энесине кайтарылып берилип, ал эми шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн