Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын 11-апрелден бери алгачкы ирет коомчулукка чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Ким Чен Ын соңку 20 күн аралыгында алгач ирет коомчулукка чыгып, Сунчхонск заводунун ачылуу аземине барган. Ал эми 1-майда болгон лента кесүү аземине Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Пак Бон Дю, министрлер бөлмөсүнүн премьери Ким Чжэ Рён, Эмгек партиясынын лидери жана президенттин карындашы Ким Ё Чжон катышкан.
Ал эми буга чейин дүйнөлүк басылмалар ооруп жатат деп жазган болчу, бирок сүрөттө башчыдан дарттын белгилери жок экенин байкоого болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн