Бугу 16, 2024
Убакыт: 18:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Олимп оюндары 2021-жылы да өтпөй калуусу ыктымал

28.04.2020 15:29
1080
Олимп оюндары 2021-жылы да өтпөй калуусу ыктымал


Олимп оюндарынын уюштуруу иштери боюнча комитетинин өкүлү Есиро Мори коронавирус илдети көзөмөлгө алынбаса, 2021-жылы турнир өтпөй калуусу мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


“Эгер илдет көзөмөлгө алынбаса оюндар токтотулат. Буга чейин Олимп оюндары согуштун айынан токтотулуп келген болсо, бул ирет биз көрүнбөгөн душман менен кармашып жатабыз”, - деген Мори.


Анын пикири боюнча мелдеш коронавирус токтогондон кийин өтсө анда бул Олимп оюндары буга чейинки оюндардан баалуу болот.


Эске салсак, 24-мартта 2020-жылдагы Олимп оюндары 2021-жылга жылдырылган болчу. Ал эми  андан көп өтпөй мелдеш 23-июлдан  8-августка чейин Япониянын Токио шаарында өтөрү белгиленген.






Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн