Эл аралык олимпиада комитети (ЭОК) 2021-жылга жылдырылган жайкы Олимп оюндарын өткөрүү үчүн жаңы убакытты белгиледи.
Мелдеш 23-июлдан 8-августка чейин Япониянын Токио шаарында өтөт. Паралимпиада оюндары 24-августтан 5-сентябрга чейин орун алат.
Алгач Олимп оюндары 2020-жылдын 24-июлунан 9-августка чейин белгиленген, бирок коронавирус илдетинен улам бир жылга жылдырылган болчу.
Эске салсак, Кыргыз спортчулары да Олимп оюндарына жана лицезниялык мелдештерге болгон даядыгын токтоткон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн