Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 07:01
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

2021-жылы Ош шаарында 93 өрт кырсыгы катталып, 67 млн сомдук зыян келтирилген

20.01.2022 13:50
1677
2021-жылы Ош шаарында 93 өрт кырсыгы катталып, 67 млн сомдук зыян келтирилген

 


Бүгүн, 20-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгында 2021-жылдын жыйынтыгын чыгаруунун алкагында Жарандык коргонуу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Ага Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана аймактык башкармалыктардын башчылары катышты. 


Иш-чаранын жүрүшүндө КР ӨКМнин башчысы Жунус Жумабаев 2021-жылы аткарылган иштер боюнча баяндама жасап, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, кырсыкты жоюуга катышкан мекеме-уюмдардын иш-аракеттерине токтолду. Профилактикалык иштерди алып барган бөлүмдүн иши айтылып, жарандардын өрт коопсуздугун сактоодогу кайдыгер мамилеси белгиленди. Өткөн жылда Ош шаарында 93 өрт кырсыгы катталса, анын 58и жеке турак-жайларда, 17си соода жайларында, 11и автоунаа токтотуучу жайлардан жана автоунаалардан чыккан. Андан 67,7 млн. сомдук материалдык зыян келтирилген. Өрткө каршы күрөшүү кызматтарынын жардамы менен 5,8 млн. сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган. 


Сонунбек Жунусбаев өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана күрөшүүдө Ош шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын аткарган иштерин белгиледи. 


Иш-чаранын жыйынтыгында бул тармакта артыкчылык көрсөткөн жетекчилерге жана кызматкерлерге ыраазычылык баракчалары тапшырылды. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн