Жалал-Абаддагы Сары-Кыр ашуусунда калган киши тоңуп каза болуп калганын ӨКМ билдирди.
30 жаштагы кишинин сөөгү анын автоунаасынын жанынан табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал чет элдиктер жайгашкан базага бара жаткан. Чет элдиктер эвакуацияланып, маркумдун сөөгү Манаска жеткирилген.
ӨКМ буга чейин Манас — Казарман жолунун ашуудагы бөлүгү 1-октябрдан тарта жабылганын айткан.
Эскерте кетсек, министрлик бүгүн ашууда калган адамды куткаруу үчүнтик учак жөнөтүлгөнүн кабарлаган болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн