Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:40
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

2022-жылы хоккей боюнча дүйнө чемпионаты алгачкы жолу Кыргызстанда өтөт

25.11.2021 13:41
1017
2022-жылы хоккей боюнча дүйнө чемпионаты алгачкы жолу  Кыргызстанда өтөт



 Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Эл аралык хоккей федерациясынын вице- президенти Айваза Оморканов жана Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.


Жолугушуу учурунда, Айваз Оморканов 2022- жылы март айында Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу дүйнө чемпионаты өтө тургандыгын маалымдады. Мындан сырткары, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, дүйнөлүк чемпионат учурунда Эл аралык хоккей федерациясынын кеңешинин үчүнчү отурумун Кыргызстанда өтө тургандыгын кошумчалап, ага белгилүү француз хоккести Люк Тардиф сындуу хоккей оюнчулары келээрин билдирди. 


Өз кезегинде министр Азамат Жаманкулов Кыргызстанда өтө турган чемпионаттын масштабдуулугун жана Кыргызстандын мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен, аны жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү боюнча иштерди колго ала тургандыгын белгиледи. 


Мындан сырткары, Кыргызстанда хоккейди өнүктүрүү боюнча эл аралык хоккей федерациясы менен иш алып барууга кызыктар экендигин маалымдап, спорт коомчулугунун долбоорлорунун ар тараптан колдой тургандыгын белгиледи.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Дуйно чемпионаты 2022-жылы Финляндияда отот.Ьул чемпионат башкабы?