Тогуздун айы 16, 2025
Убакыт: 13:26
USD
87.30
87.80
EUR
101.50
102.50
RUB
1.100
1.130

Ноокатта УКМК кызматкерлери үчүн батирлердин курулушу башталды

16.10.2025 09:41
32
Ноокатта УКМК кызматкерлери үчүн батирлердин курулушу башталды


Кечээ Ноокат районунун Калдай айылында УКМКнын Ноокат райондук бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн кызматтык батирлердин курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.


Иш-чарага облус башчысы Элчибек Жантаев, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Даниэл Рысалиев, Ош облусунун прокурору Чыңгыз Ахматов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.


Курулуш иштери Калдай айылында, Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун боюнда жүргүзүлөт. Курулуш үчүн Зулпуев айыл өкмөтү тарабынан "калктуу конуштардын жерлери" категориясына кирген 0,24 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген.


Мында эки кабаттуу эки имарат курулуп, жалпы сегиз кызматтык батир болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн