Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 05:04
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

2023-жылы 24 мектеп жана 20 медициналык мекеме курулат

01.11.2022 15:10
329
2023-жылы 24 мектеп жана 20 медициналык мекеме курулат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин Ош шаарында өткөн көчмө жыйынында бюджеттин тартыштыгынан улам социалдык төлөмдөрдүн көлөмү кыскарбайт деп ишендирди.


Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, көчмө жыйында республикалык бюджеттин «капиталдык салымдар» беренеси боюнча 2022-жылы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында каралган курулуш, оңдоп-түзөө иштери тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы угулду. Ошондой эле аталган облустардагы өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетине байланышкан маселелер талкууланды.


Иш-чарага Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин мүчөлөрү, Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин өкүлдөрү жана жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.


Жыйындын жүрүшүндө депутат Надира Нарматова республикалык бюджеттин «капиталдык салымдар» беренеси боюнча каралган долбоорлорду аягына чыгаруу зарылчылыгын белгилеп: «Ош облусунда бул берене 23%га, Баткен облусунда 50%га, Жалал-Абад облусунда 35%га аткарылган», - деди.


Ал эми депутат Шарапаткан Мажитова жеке турак жай куруу жана шаарды көрктөндүрүү үчүн жерлерди туура бөлүштүрүү маселесине токтолсо, депутат Өмүрбек Бакиров мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү керектигин кошумчалады. Андан тышкары, депутат Дастан Бекешев: “Бюджеттин тартыштыгынан улам маяна, жөлөкпул, пенсиялар азайбайбы?” - деп сурады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык төлөмдөрдүн көлөмү кыскарбайт деп ишендирди.


Ошондой эле депутат Камила Талиева ирригациялык системаны өнүктүрүү, түшүмдү өз убагында жыйнап алуу жана аны сатууну камсыздоо маселелерин көтөрдү. Муну менен катар 2022-жылдын бюджетинде «Бели сынык» жолунун курулушуна 10 миллион сом каралганын, бирок ал каражат бөлүнбөй жатканына нааразычылыгын билдирип: «Бул маселени көзөмөлгө алып, каржылоону тездетүү зарыл», - деди Камила Талиева.


Депутат Эмил Токтошев дагы Кара-Кулжа районундагы ирригациялык каналдарды куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча тендерлерди тездетүүнү сунуштады.


Өз кезегинде депутат Эльвира Сурабалдиева Тажикстандын куралдуу агрессиясынын натыйжасында талкаланган Баткен облусундагы социалдык инфраструктураларды тез арада калыбына келтирүү зарылдыгын белгилеп: «Учурда 420 үй курулуп жатат, анын 162синин пайдубалы түптөлдү. Андыктан курулуш иштерин тездетүү керек», - деди.


Депутат Алишер Козуев болсо Аткаруу бийлигинин кызматкерлеринин кадрдык потенциалын жогорулатуу зарылчылыгына көңүл бурду.


Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Акылбек Жапаров келерки жылы 20 медициналык мекеме, 24 мектеп куруу, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын жашоочуларына шарттарды түзүү пландалып жатканын билдирди. Муну менен катар быйыл ирригациялык системаны өнүктүрүүгө 1 миллиард сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөнүн эске салды.


Көчмө жыйындын жыйынтыгында депутаттардын сунуш-пикирлерин жана сын-пикирлерин эске алуу менен үстүбүздөгү жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү чечимине келишти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн