Теке 27, 2024
Убакыт: 08:28
USD
EUR
RUB

2024-жылы 2 автозаводду ишке киргизебиз, - Акылбек Жапаров

27.02.2024 15:52
287
2024-жылы 2 автозаводду ишке киргизебиз, - Акылбек Жапаров


2024-жылы 2 автомобиль заводу ишке кирет. Бул тууралуу 27-февралда «Агродиалог-2024» форумунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.


Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, быйыл өзбек-кыргыз жана кытай-кыргыз автозаводдорун ишке киргизүү пландалууда.


«31-августка чейин Кытай Эл Республикасы менен биргеликте электромобилдерди чыгаруучу заводду, 1-майда кыргыз-өзбек автомобиль заводун ишке киргизебиз», - деп түшүндүрдү ал.


А.Жапаров кошумчалагандай, Кыргызстан дүйнөлүк автомобиль өндүрүшүнүн чынжырына кириши керек.


«Мына, «Фольксваген Гольф» унаасы бар, 1 унааны чыгарууга көптөгөн мамлекеттер тартылган. Бул машинага жок дегенде 1 фара же күзгү чыгарсак, анда бул ийгилик. Биз бул глобалдык чынжырга киришибиз керек», - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн